www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Ата Мекен социалисттик партиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин куттуктоосу.

Урматтуу ата-энелер, балдар!

Биз, ар жылы 1-июнь Эл аралык балдар күнүн белгилейбиз. Бул күн биз үчүн балдарарыбыздын астында зор жоопкерчиликтерибиз бар экенин дагы бир жолу эсибизге салат. Балдар укуктарын корголбогон жана аларга татыктуу билим бере албаган өлкөдө, маданияттуу коом жана татыктуу келечек түзүү мүмкүн эмес. Балдар – биздин келечегебиз, эртеӊибиз. Бүгүн, мен бардык улууларды, балдарды кунт коюп угуп, жылуулук тартуулап , сүйүү жана камкордук менен балдарды курчап, аларга мээрим көрсөтүүгө чакырам! Биз ар бир баланын негизги укуктарын камсыз кылуу үчүн аракет кылышыбыз керек. Аларды балалык бакытынан ажыратпай, ар бир балага тынч жана таза коомдо татыктуу тарбия беришибиз кажет. Ошондо гана биздин балдар дени сак, бактылуу, ийгиликтүү өсүп, келечекте кыялындагы бийиктиктерди багынтат. Урматтуу балдар!

Мен силерге бекем ден-соолук, бактылуу балалык жана ар бир ата-эне тиленген жаркыраган келечекти каалайм! Балалык дооруңар камкордукта, бактылуу өтсүн! Майрамыӊар менен!

Урматым менен Өмүрбек Текебаев

Последние новости