www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-ноябрда Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагсы болду.

Ага чейин депутаттар Мамытовго суроо берип, кеңештерин айтышты.

Өмүрбек Текебаев анын талапкерлигин колдой турганын айтып,эле эл аралык аренада активдүү болууга чакырды.

«Талант Турдумаматович, көпчүлүгү бүгүнкү төраганын алмашканын тактикалык кадам катары түшүнүп жатат. Досу президенттигин таштап, шайлоого кетсе, ошонун ордун кайтарганы Талант Мамытовду коюп жатат деп түшүнүп турат. Сиз бирөөнүн ордун кайтарып эмес, өлкөдөгү мыйзамдын сакчысы болуп келип жатасыз. Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон органдын жетекчиси болуп келе жатасыз. Бүгүнкү парламентти ким жакшы көрөт, ким жаман көрөт, бирок Кыргызстандагы жападан-жалгыз легитимдүү орган – Жогорку Кеңеш. Сиз ошонун гана жетекчиси эмес, убактылуу мамлекеттин жетекчиси болуп калышыңыз мүмкүн. Эгерде шайлоо 10-январда бүтсө, ошого чейин болосуз. Экинчи тур болсо, февралга чейин болосуз. Шайлоолор чыр менен бүтсө, андан ары болосуз. Мен бардык вариантын айтып коеюн, даяр болушуңуз керек. Мына Россия сыяктуу өнөктөштөр ачык эле айтты, Кыргызстанда стабилдүүлүк болмоюн, мыйзамдуу бийлик органдары калыптанмайын, биз акчаны чачпайбыз, толук көлөмдө мурдагыдай иш жүргүзбөйбүз деп. Бирок биз бардык партнерлорго сигнал берип, айтып коюшубуз керек, бизде мыйзамдуу, туруктуу орган бар, бул – Жогорку Кеңеш. Биз пассивдүү болуп, министрлерди, кеңешчилерди жөнөтүп кое бербестен, Жогорку Кеңештин деңгээлинде да эл аралык иштерге активдүү катышып, Кыргызстандын атынан сиз төрага катары, шайлоо башталгандан кийин президенттин милдетин аткаруучу катары позицияңыз болуш керек. Ушундай кеңешти айтат элем», - деди Текебаев.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалды. Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров шайлоого барарын жарыялады. Шайлоого катышуу үчүн президент жана премьер-министр ыйгарым укуктарынан баш тартыш керек. Ошол учурда президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарып калат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости