www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 28-апрелинде Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаев Конрад Аденауэр атындагы фонддун Азия жана Тынч океан департаментинин жетекчиси Христиан Эхле менен жолукту. Жолугушуу учурунда Кыргызстан жана Германиядагы ири саясий фонддордун катарына кирген бул фонд менен кызматташуу жана аны келечекте өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Борбор Азиядагы кызматташуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу жана регионалдык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз-герман парламент аралык кызматташуусун бекемдөө, Конрад Аденауэр атындагы фонддун стипендиялык программасы аркылуу Кыргызстандын жаштарын Германияда окутуу, ошондой эле, башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү маселелерин пландаштыруу каралды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости