www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва менен Тегеран Украинанын айланасындагы кырдаалга карабай, азык-түлүк тармагында кызматташууну улантып жатышат.

Мындай пикирин  Ирандын Москвадагы элчиси Казем Жалали РИА Новостиге билдирди.

"Жаңы шарттарга карабастан, биз Орусия менен биргеликте иш алып баруудабыз. Биздин күч-аракетибиз жакшы кошуналыктын алкагында кызматташууну улантууга багытталган", - деди элчи.

Мурдараак Эл аралык валюта кору, Дүйнөлүк банк, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Дүйнөлүк соода уюму Украинадагы окуяларга байланыштуу дүйнөлүк коомчулукту азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чукул чараларды көрүүгө чакырган.

Аталган уюмдар негизги азык-түлүккө баалардын кескин жогорулашы жана товарларды жеткирүүдөгү үзгүлтүктөр “миллиондогон адамдарды жакырчылыкка түртөрүн” эскертишти.

Бир катар Батыш өлкөлөрү Украинадагы абалдан улам Орусия Федерациясына каршы жаңы санкцияларды киргизди. Орусиянын президенти Владимир Путин Москваны ооздуктоо жана алсыздандыруу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, санкциялар бүткүл дүйнөлүк экономикага олуттуу сокку урганын айтты. Анын айтымында, Батыштын негизги максаты – миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатуу.

Путин АКШ менен Евробиримдик Орусиянын алдындагы милдеттенмелерин иш жүзүндө аткарбай, анын валюталык резервдерин тоңдурганын жана учурдагы окуялар саясатта да, экономикада да Батыштын глобалдык үстөмдүгүнүн чегинен чыгып бара жатканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости