www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүйдөгү Аламүдүн районунун Воронцовка айылында бүгүн, 6 - июлда мурунку депутат Өмүрбек Текебаевдин кайын энеси акыркы сапарга узатылды.
Текебаевдин кайненеси Бүбүкан Турдуева 5 - июлда 77 жашында дүйнөдөн өткөн. Камактагы Өмүрбек Текебаевге кайын энесин акыркы сапарга узатууга уруксат берилип, конвойдун коштоосунда алынып келди.
Ошондой эле акыркы сапарга узатуу зыйнатына "Ата Мекен" партиясынын депутаттары да катышты.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев орус жаранынан ири суммада алган деген негизде 2017 - жылы сегиз жылга кесилген. Муну Текебаев ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге ачык оппозицияда болгону үчүн саясий куугунтук деп атап келет.
Июндун соңунда Текебаев ден - соолугуна байланыштуу камактан ооруканага которулуп, Бишкек мэриясына караштуу Травматология жана ортопедия борборунда дарыланып жатат.
Жогорку сот саясатчынын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыкмай болуп, отурумду 16 - июлга белгилеген.
Булак: NazarNews.kg