www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн эртеңин аныктаганга курултайчылардын реалдуу шансы бар

Урматтуу курултайдын катышуучулары!

Урматтуу мекендештер!

Мындан 4-5 жылмурун КМШ өлкөлөрүндө социологиялык сурамжылоо болуп, “Сиз өзөлкөңүздөгү ситуацияга таасир эте аласызбы?”, деп ал өлкөлөрдүн жарандарына кайрылышкан. Кыргызстанда суралган адамдардын 60 пайыздан ашыгы “мен өзөлкөмдөгү ситуацияга таасир эте алам” деп жооп беришкен. Казакстан менен Россияда андай адамдар 20 пайызга жеткен эмес. Казакстан менен Россияда “биз майда адамбыз, жогору жактагылар – чоңдор чечет” деп жооп беришкен. Кечээ эле бир Советтик өлкөдө болуп, бирдей ой жүгүрткөн адамдар элек. Кыска убакта адамдардын мүнөзү, алардын ишеними, демек алардын сапаты эселеп, кескин айырмаланган өлкөлөр пайда болду. Кыргызстанда, биздин жарандарда жаңы мүнөз калыптана баштады. Ал мүнөз өзүнүн баркын билген, намыстуу, “өз тагдырым колумда” деп өзү үчүн, мамелекет үчүн жоопкерчилик ала билген өлкөнүн кожоюндары пайда боло баштаганын көргөзөт. Мүнөз –бул тагдыр дегендей, мындай эл менен Кыргызстанды жаркын, чоң келечек күтүп отурат. Бул жаңы мүнөз бир күндө калыптанган жок. Акыркы 25 жылда Кыргызстанда татаал, оомал-төкмөл чоң саясий окуялар болду. Биз жеңиштерге, жоготууларга, кубанычтарга, өкүнүчтөргө кириптер болдук. Эки жолу элдик революция болду. Революциядан кийинки эйфорияны да көрдүк. Бир топ жыл өткөндөн кийин өкүнүү, көңүл калуулар да болду. Мына ушулардын баары кыргыз элине бир кылымдык тажрыйба берди. Бул тарыхый тажрыйба нефти, газ, алтындан кем эмес улуттук байлык, ресурс.

Курултайдын күн тартиби “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” деп абдан символикалуу коюлуптур. “Кечээ” дегенибиз – биздин окуяларга бай, баатырдык тарыхыбыз. Биз андан сабак гана албастан, сыймыктана турган тарыхыбыз. "Бүгүн" дегенибиз – биз тарыхка баа берип, анын жыйынтыгында бүгүнкү күндүн проблемасын аныктап, бүгүнкү күндүн диагнозун так коюп, өлкөнүн андан ары өнүгүп кетүү багыттарын аныкташыбыз керек. Эгер, биз максатты туура койсок, приоритеттерди туура белгилесек, анда биздин эртеңибиз бар.

Курултай өзүнө тагылган тарыхый миссияны аткарат деп ишенем. Кыргызстанда күчтүү жарандык коом бар. Жарандык коомдун эң таанымал, эң таасирдүү институту – бул Курултай. Кыргызстанда болгон бардык тарыхый өзгөрүүлөр, ошонун ичинде эки жолку элдик революциянын башында Элдик курултай турган. Курултай Кыргызстандагы прогрессивдүү, патриоттук коомдук-саясий күчтөрдү, активдүү позициясы бар жарандарды бириктирген маанилүү, таасирдүү интститут катары таанылып, калыптанып калды. Курултай элдин пикирин жыйнаган, багыттаган, калыптаган жана легитимдештирген институт болуп калды. Курултай элди шерденткен, мобилизациялаган, уюштурган күч болуп калды. Ошондуктан, Кыргызстандагы абдан маанилүү окуялар, эки элдик революция болушуна Элдик курултайдын ролу абдан зор болгон.

Урматтуу курултай катышуучулары!

Бүгүн сиздер өлкөнүн эртеңин аныктаганга реалдуу шансыңыздар бар. Курултайдын ишине ийгилик каалайм.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, “АтаМекен” социалисттик саясий партиясынын лидери

Булак: NazarNews.kg

Последние новости