www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев дарылануусун оорукананын неврология бөлүмүндө улантат.

Дарыгерлердин 25-августтагы консилиумунун жыйынтыгы менен ушундай чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Текебаевдин партиялашы, парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Текебаев №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна 31-июлда которулган. Мындан аркы дарылануусу да ошол бейтапкананын неврология бөлүмүндө уланмакчы, бирок ал жерде канчага чейин жатары белгисиз.

- 2009-жылы Текебаев жүлүнүнөн операция болгон. Ошол себептен неврологияга которулду. Өзүнүн абалы жакшы. Көрүшүп, сүйлөшүп чыктым, -деди Шыкмаматов.

Ал кошумчалагандай, Текебаев менен жолугуп турууга жубайына уруксат берилген. Буга чейин депутаттар эле көрүшүп аткан.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Текебаев күрөө тамырдын, жүрөк тамырларынын атеросклерозу, экстрасистоликалык аритмия, 2-даражадагы кооптуулугу жогору гипертония, түйүндүк богок, эутериоз менен жабыркай тургандыгын жарыялаган. Ал сакчылардын кайтаруусунда дарыланууда.

Өмүрбек Текебаев "Коррупция" беренеси менен айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Ал күнөөсүз экенин, саясий куугунтукка кабылганын айтып келет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости