www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда спикердин кызматтан кеткени белгилүү болду.
Бул боюнча депутат Өмүрбек Текебаев кесиптештерин шашпоого жана парламенттик эрежелерди бузбоого үндөдү.
“Спикердин отставкасы бир түн ичинде чечилип, алар тез арада жаңы талапкерди көрсөтө башташты. “Чимкириктен” дагы төмөн түшүп кетпейли да. Боло турган иш бир сааттан кийин, 2 сааттан кийин дагы болот. Жол-жобого ылайык, билдирүүлөрдөн кийин фракциялардын консультациялары үчүн тыныгуу жарыялоо керек. Балким башка партиялардын талапкерлиги бардыр”, – деди Текебаев.
“Мен ушул жерден Түркмөнстан болобуз десем, болбойбуз дедиңер эле да. Космостук ылдамдык менен кетип баратабыз го” – деди ал.
Булак: NazarNews.kg