www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биз Батыштан өзүбүзгө керектүү мыйзамдарды алып депутаттардын санын 120га жеткирүүгө даярбыз. Бирок кээ бир цивилдүү мамлекеттерде бар: депутат эки же үч мөөнөткө гана шайлана алат деген мыйзамды алуудан чоочуп кетебиз. Өмүрбек Чиркешович легендарлуу парламентти кошкондо отуз бир жылдан бери алты жолу депутат болуп келди. Курманбек Бакиевдин тушунда 2007-жылы төртүнчү парламентке гана тиши өтпөй калды. Ал эми 2017-жылдын 25-февралында “братаны” Алмазбек Атамбаев "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон. Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. орусиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.
Классташы Сооронбай Жээнбеков президент болгон соң Текебаев менен Чотоновдун ишин Жогорку сот кайра каралып, фемида өкүлдөрү 2019-жылдын 29-августунда эки саясатчыны үй камагына коё берген. 2020-жылдын 12-октябрында Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз БШКга ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз жазды. Бул арыз БШК тарабынан каралып "Ата Мекен" партиясынан ЖКнын VI чакырылышына Өмүрбек Текебаев жетинчи ирет депутат болуп келет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg