www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акын, теле-журналист Өмүрбек Тиллебаев “Көралбастык анатомиясы” деген ыр саптарын жазып чыкты.

Акындын ыр саптары төмөндө:

Көралбастык анатомиясы

Көралбастык адаты го кыргыздын,
Усубалиев жолун тоскон Чыңгыздын.
Канча уулуңду көккө жаңы учарда,
Көмөлөтүп кара жерге тынгыздың.

Качан болсо кыргыз деген, эл деген,
Көсөм башчы бир кылымда келбеген.
Раззаков өлүп кетти чет жерде,
Аны дагы бутка тепкен дембе-дем.

Чыкыроон кыш, жылдыз үшүп, көл тынып,
Түн жамынып жортуп барат бөлтүрүк.
Ибраимовду атып кыргыз не таптың,
Эмне таптың Исановду өлтүрүп?!.

Жүз жыл артка тоголонду бат, ылдам,
Султан эмес эл бактысы атылган.
Сенин жаркын келечегиң, эртеңиң,
Насирдиндин өлүмүнө катылган.

Ошондондур ырыс-куржун тешилип,
түбү түшүп, эңшерилип, жешилип.
Өнүгө албай бул абалда турганың,
Башка элдерден калгандыгың кечигип.

Азыр дале канат кагар ылаачын,
Ага кандай тузак-торду курасың.
Карегине матайын деп шыпшынып,
Дагы кимди атайын деп турасың?

Өмүрбек Тиллебаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости