www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда кино тармагында “жарк” деп чыккан Өмүрзак Төлөбеков так ушул тармакта алдыда озуп бара жатат. Ал тургай кошуна мамлекеттердин өлкө башчылары акырын кулак түрүп, Өмүрзак мырзага кайрымак ыргытып жатканын угуп жүрөбүз. Андыктан “Президент жана бомж” тасмасынан кийин атактуулуктун туу чокусуна жетти десек жаңылышпайбыз.
Өмүрзак мырза: “Президент жана бомж” тасмасынан кийин, “Президент жана бомж-2” тасмасы Кыргызстандан тышкары Астана, Москва, Берлин, Париж шаарларында тартылса, “Президент жана бомж-3” тасмасы, Бишкек, Ош, Жалалабад, Москва, Анкара, Вашингтон шаарларында тартылмакчы, Кудайым буйруса, Берлин менен Парижде өткөндө кыска гана эпизоддорду тартсак, бул жолу Анкара менен Вашингтондо 15-20 мүнөттүк кадыресе бөлүктөрдү тартабыз”, деп жар салып, эл аралык деңгээлде кадам таштаган жазуучу.
Ага кошумча: -“Президент жана бомж-3” тасмасында салмактуу актёрлордон, президенттин ролун эң мыкты аткарган Марат Алышбаев, Аскат Сулайманов, Темирлан Сманбеков, Марат Жантелиев, Шаршен Шейшенов, Тимур Маматкулов өңдүү белгилүү актёрлор жана бир катар жаңы жүздөр катышат. Президент – саясий эң бийик фигура. Ал тууралуу баяндалган соң тасмада саясат сөзсүз чагылат. Арийне, курч окуялар орун алат. Бирок, саясаттан чарчаган элди тажатпоо үчүн турмуштук, алынган кызыктуу да кайгылуу көрүнүштөргө басым жасадык”, деди Өмүрзак Төлөбеков.
--Өмүрзак мырза, махабат же трагедия эмес, эмне үчүн саясый тасмага кадам таштадыңыз, коркпой элесизби. Чындык ачуу - бирок адилет. Тасманы көргөндөр чычалап, сизди “чымчыгандар” болгон жокпу?
--Менин саясатка келгеним, мектепти аяктагандан кийин эле райондук, облусттук, республикалык “Ленинчил жаш”, “Советтик Кыргызстан”, “Ак бата” деген аталыштагы журнал жана саясый гезиттерди чыгарып, саясый партиялар менен иштеп, саясат мага сиңип калган десем болот. Экинчиден Кыргызстанда эл абдан саясатташкан. Россияда “поэт в России — больше, чем поэт” дегендей, бизде саясат өтө күчтүү мааниге ээ. “Президент жана бомж” тасмасы жарык көргөндө жазуучу, Мар Байжиев “Өмүрзак, кыргыз киносунда жаңы багыт киргизди - саясатты”, деп айткан. Анан орустун улуу жазуучусу В.Распутин “адабият өзгөрүп, публистикалык духка барат”, дегени бар. Андыктан жөн эле ата-баланын мамилесин айта бербей, “саясатташтырып, жарандык дух болуш керек”, деп кино жаатына саясый жаңыланууну киргиздим. 1992-93-жылдары “Ак бата” деген гезит чыгарганмын. Ошол Кыргызстандагы алгачкы саясый гезит болгон. Гезит 25 миң, журнал 15 миң тиражга жеткен. Ал убакта Аскар Акаевге каттуу оппозиция болгонбуз. Чындыгында Кыргызстанда демократия бар экендигин айтпай кетүүгө болбойт.
--Сиз, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кино тарттыңыз, ошондой эле В.Путинди китеп кылып жаздыңыз, киного тартып жүрөсүз. Кыргызда макал бар: "өз агасын агалай албаган, жат эшигин сагалайт", деген. Эмнеге өзүбүздүн президенттерди тарпайсыз?
--Ооба, өзүбүздүн президенттерди тасма тартайын деп даярданып жүрөм. Өзгөчө акыркы эки президент Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев тууралуу. Роза Отунбаева аз эле иштеди. Аскар Акаевдин бийликтен кеткенине көп убакыт болуп калды. Элге менимче акыркы эки президенттин кино тасмасы кызыктуу деп ойлоймун.
--Бизге жеткен маалыматтарга караганда акыркы кино тасмаңыз көрүүчүлөргө жете элек...
--Өткөн жылы “Революция отменяется” деген, бийликке сын көз караш менен караган даяр кинотасманы чыгарбай коюшту. Бул кино Кыргызстандан тарыхындагы акыркы 50 жылдагы ачыкка чыкпай калган бирден-бир тасма. Бул тасмада убакты-сааты келгенде сөзсүз жарыкка чгат деп ойлоймун. Азыркы негизги жаңылык, Путин, Назарбаев, Бакиев, Атамбаев тууралуу тасма тартылат жана жакшы идеялар баары ачыкка чыгат”, деди белгилүү жазуучу.
Саясый тасмаларга “коркпой” кадам таштаган Өмүрзак мырза, 1993-1994-жылдарда Москвадагы бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун жогорку курсунан окуп аяктаган. Кино чөйрөсүндө кеңешип, сырдашкан жакын достору “Мосфильмде” кызмат кылган, белгилүү актёрлор жана режиссёрлор.
КУЛАК КАГЫШ: Эртең, 18-мартта Кожомкул атындагы спорт сарайында саат 18:00 дө “Президент жана бомж-3” тасмасына эпизоддор тартылат. Ага Кыргызстандагы атактуу ырчылар катышат. Тарыхый тасмага түшүп, өзүңүздү кинотасмадан көргүңүздөр келсе, келип катышып кетсеңиздер болот.
Жакын арада Өмүрзак мырзанын, “Революция отменяется” деген аталыштагы тасмасы эмне себептен коомчулукка көрсөтүлбөй калгандыгы, Россиянын президенти В.Путин тууралуу кызыктуу макаланы жарыкка чыгарабыз. Биз менен бирге болуңуздар.
Булак: NazarNews.kg