www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Чынында шайлоо таза жана эркин өттү, Мадумаров шайлоонун жыйынтыгын таанышы керек”, - деди бүгүн, 11-январда NazarNews маалымат агенттигине режиссёр Өмүрзак Төлөбеков.
--Өмүрзак мырза, шайлоо чын эле таза өттүбү?
--Шайлоо таза өттү. Административдик ресурс колдонулган жок. Элдин 80-90 пайызы шайлоого катышсын деген мурдагыдай күчтөп добуш бердирүү болгон жок. 33 пайыз эл катышты. Шайлоого каттоодо болгондор барды. Каттоосу жоктор бара албай калды.
--Эгер таза шайлоо болгону чын болсо, неге Адахан Мадумаров шайлоо жыйынтыгын тааныбайм деп жатат?
--Мадумаров жеңилип калып чычалап, шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм деп жатса керек. А чынында шайлоо таза жана эркин өттү.
Булак: NazarNews.kg