www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында катталган коронавирустун жаңы жугуштуу түрү Орусияда катталды. Бул тууралуу Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова "Россия 1" каналына берген маегинде айтты.
Анын айтымында вирустун мындай мутациясы Улуу Британиядан кайтып келген орусиялыктарды текшерүү учурунда бир адамдан байкалган. Андан аныкталган вирустун анализдерин изилдөөнүн жүрүшүндө, штамм Улуу Британияда октябрь айында катталган вирус менен бирдей экендиги белгилүү болду.
Буга чейин Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg