www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин инаугурациясы качан өтөт?

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 10-январдагы маалымат жыйында Кыргызстандын шайланган президентинин инаугурациясы качан болушу керектигин айтты.

Ал белгилегендей мыйзамга ылайык, мамлекет башчынын ант берүү аземи шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин бир айдын ичинде өтүшү керек.

«Жыйынтыгы добуштарды кол менен эсептөөдөн кийин, даттанууларды карап чыгып, сотто бардык талаш-тартыштар чечилгенден кийин жарыяланат», - деди ал.

Ал шайлоонун жыйынтыгын эсептөө мөөнөтү төрттөн бирине кыскара турганын, жыйынтык 24-январдан кечиктирилбей жарыялай  турганын кошумчалады.

Ошентип, президенттин инаугурациясы 2021-жылы февралда болот.

Эскерте кетсек, автоматтык түрдө эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча президенттик шайлоодо Садыр Жапаров алдыда бара жатат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости