www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- «Манастын уулу Семетей» тасмаңыз тартыла баштаганда эле талаш-тартыш, сын-пикирлер жаралды. Кандай кабыл алдыңыз?

- Тасманы тарта баштаарда драма автору Жалил Садыковдун жубайы Сабира эже: «Пьеса чыкканда Жалилдин достору да душманга айланган», - деген. Кино чыкпай атып уу-дууга түштү. Ушундай чабуулдардын алдын алып, 40 жылдан бери коюлуп, элге сиңген пьесага таянгам. «Манасчыларга кеңешсең болмок» дешти. Эмнени кеңешмекмин? Алар эпостун айрым бөлүмдөрүн жаттап алып айтат.

Биз эпоско, анан пьесага түз кайрылып атсак, манасчылардан эмне кеңеш алмак элек? Анүстүнө мындан эки жыл мурда Жаныш Кулманбетов «Манас» боюнча мультфильм тартмак болуп, 10 манасчы, «Манас» боюнча адистерди кеңешке чакырса, ону он башка сүйлөп, ар кайсы жакка тартып, оңдуу натыйжа болбогонун уккам.

- Соңку убакта сынчылар тынчып калгандай. Ишиңиз жүрүп жатабы?..

- Кино тартуу кызуу жүрүп атканда сын-пикирлерге кенен жооп берүүгө убакыт болгон жок. Ишке көмөктөшчү сынды угасың. Анан «кинону тарттырбаш керек», «сырдуу күчтөр жазалайт», «кыргызга кырсык алып келбесин» деп капкаяктагыны дөөрүп, анан айлалары кеткенде башка маанилүү жүйөлөрү түгөнүп, «орус ээр жүрөт» деп чыгышты.

Бул сын эмес, көрүнөө душмандык. «Ит үрө берет, кербен жүрө берет» демекчи, тартып бүтүп, графика жумуштары жыйынтыкталып баратат. Кудай буюрса, октябрдын аягында чет өлкөлүк прокатчылар менен бир мезгилде көптөгөн өлкөлөрдө кинотеатрларда коюунун датасын аныктайбыз.

- «Манастын уулу Семетейди» тартууда кандай кемчиликтер болду? Өзүңүзгө, жамаатка карата сын көз менен карай аласызбы?

- Улуу чыгарманы киного айлантуу өтө оор жумуш. Сынчылар жетиштүү болмоктон ашып турду. Жамаат сын көз менен бир-бирибизге катуу талап коюп, кылымдык долбоорду мыкты орундоого кара жанды карч урдук.

- Океандай чалкыган керемет эпосубуз бир тасмага кантип сыят болду экен?

- Океандай көлөмдүү чыгарманы көпчүлүк толук окуп чыкпайт. Ошондуктан маанилүү, урунттуу учурларын чогултуп, кыскартып пьесага алып чыгышкан. Биз, негизинен, калкка сиңип, аалам аралаган пьеса вариантты экрандаштырдык. Буюрса, алдыда «Сейтек» турат...

Булак: Азия News гезити

Последние новости