www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Федерациясынын Тюмень облусунда Кыргызстанда алдамчылык кылган деп шектелип, издөөгө жарыяланган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда, «N1—Первый Нижневартовский» телеканалынын социалдык тармактагы баракчасында жазылган. Аял киши Кыргызстандагы милиция кызматкерлеринен качып, Нижневартовск шаарындагы туугандарынын үйүндө жашынып жүргөн.
«Аял киши жашынып жаткан батирдеги электр жарыгы өчүрүлгөн. Андан соң Федералдык коопсуздук кызматынын Тюмень облусундагы кызматкерлери батирдин эшигин такылдатышкан. Алгач аял киши башка бирөөнүн паспортун көрсөтүп, кутулуп кетүүнү ойлогон. Бирок ФСБнын кызматкерлери паспорттогү сүрөт аныкы эмес экенин айткан. Ал эми аял киши операциядан соң арыктап кеткенин билдирген», - деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында аял киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.
Булак: NazarNews.kg