www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылкы түштүктөгү өрттү өчүрүүдө далай кишилердин, эр азаматтардын ысымы аталбай келе жатат. Негедир Апрель окуясынын баатырларынын ысымы бийик трибунада көтөрүңкү добуш менен аталат да Ош окуясын ийне-жибине чейин иликтеп, эскерген эч ким болбойт.

Маселен, кандуу окуя менен бийлик алмашкандан кийин түштүктө абал оорлошуп, май айында Убактылуу бийликтин өкүлдөрүнөн бийликти кайра тартып алган окуялар кайталанып турбады беле. Утурумчулар койгон облус жетекчилери көчүк басып олтурган иш бөлмөсүн таштай качып, ишке бара албай, күч структураларында чакан бир бөлмөдө олтуруп, жыйын өткөрүп калган. Май айындагы ошондой окуяда азыркы ИИМ олтуруп, жыйын өткөрүп калган. Май айындагы ошондой окуяда азыркы ИИМ министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков да күнү-түнү өз милдетин татыктуу аткарып, жаңжалды токтотууга бар күчүн үрөп, Жалал-Абадда тынчтыкты орнотууга чоң салым кошконун айта кетүү абзел. Бул боюнча Жалал-Абаддагы ошол окуяга күбө болгондор азыр да айтып жүрүшөт.

Бирок генерал өз наамын даңазалагысы келбейби, өзү тууралуу мактоо сөздөргө көп деле маани бербей келет. Кадыржан Батыровго таандык болгон “Достук” университетинин алдында болгон окуяда Өмүрзаков чечкиндүү роль ойноп, кан төгүүнү токтотконун ошол учурда бийликтин бийик секисинде жүргөндөр кантип жокко чыгара алат? Ал тургай Бектур Асановду үч ирет утурумдук бийликтин өкүлү кылып олтургузганын эч ким жалган, андай болгон эмес деп айта албайт. Эрдик жасаган кишинин ишин жашырбастан ачык айтып, баалаш керек го.

Булак: “Жаңы Ордо”

Последние новости