www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Он жети жаштагы кыздын зордукталышы. Кафенин ээси үн катты

Бишкек шаарында жайгашкан "Алтын Казына" ресторанынын кызматкерлери 17 жаштагы кызды мейманканага алып барып зордуктады деген маалымат тараган. Бул маалымат боюнча аталган ресторандын ээси Махабат Мавлянова жооп берди.

Ал социалдык тармактагы өздүк баракчасы аркылуу билдирүү жазды.

Анда ал кылмышка шектүүлөрдүн күнөөлөрү далилденсе сөзсүз жазаланышын талап кыларын белгиледи.

"Мен үчүн да бул маалымат үрөй учурарлык болду. Учурда кылмыш иши козголду, тергөө бул иштин бардык жагдайларын аныктап, күнөөлүүлөр татыктуу жазасын алат деп ишенем. Бирок, менимче, айрым түшүндүрмөлөрдү берүү зарыл. Акыркы 3 айдын ичинде Maryotel мейманканасы ар кандай спорттук командаларды кабыл алган спорттук уюм тарабынан ижарага берилген. Алар толугу менен өз алдынча башкарышат. Биздин компаниянын көзөмөлүндө эмес. Кунөөлүүлөр мыйзамдын өтө катаалдыгына жараша жазаланышын каалайм, бирок шектелген адамдарды айыптоодон мурун, тергөөнүн, экспертизанын жыйынтыгын күтүш керек деп ойлойм. Анткени, күнөөсүздүк презумпциясы бар.

"Алтын-Казына" ресторанынын администрациясы калкка банкеттик кызмат көрсөтүүнү гана максат кылып, ашпозчуларды, тейлөөчүлөрдү жана башка кызматкерлерди жумуш менен камсыз кылып, айлыктарын төлөп келет. Бирок эртең тигил же бул кызматкер, тигил же бул адам кандай кадамга барарын эч ким алдын ала көрө албайт. Адамда келечектеги кылмышкерди же тартип бузуучуну алдын ала таануу өтө кыйын. Ар бир бизнес ээси ушундай кырдаалга туш болушу мүмкүн, анын кызматкери ким болуп чыгышы мүмкүн экенине эч ким кепилдик бере албайт. Мен жабырлануучунун ата-энесинин сезимдерин түшүнөм, бирок мен аларды менин аброюма жана мекемелердин аброюна шек келтирүүдөн алыс болууга чакырам. Биз да сиздерге окшоп акыйкат иликтөөнү жана сөзсүз жазаланышын талап кылабыз", - деп жазды ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости