www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зардалынын эли президентке кайрылуу жолдоду

Алыскы Баткен облусунун Зардалы айылынын тургундары аргасыздан президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Аталган айылда 28-июль күнү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, башка айылдар менен байланыштыруучу жалгыз жолду бууп салган. Андан сырткары айылда 90 гектар айдоо жер болсо, анын баары табигый кырсыктын кесепетинен суусуз калды. Айыл эли жергиликтүү бийликке кайрылышкан, бирок ушул күнгө чейин кабар алган бир жан жок.

--"Урматтуу Садыр Нургожоевич селдин кесепетинен аалам менен байланыштыруучу жолубуз жабылып, суусуз калдык. Буга чейин бийликтен жардам күтпөй өз көйгөйлөрүбүздү өзүбүз чечип, өз киндигибизди өзүбүз кесип келгенбиз. Кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса эч кимге данттанбайбыз. Бирок, бул жолку табигый кырсыктын көлөмүнүн чоңдугунан жардам суроого туура келип жатат. 90 гектар айдоо жерге суу келчү жалгыз арыкты сел алып кетип, суузсуз калдык. Болжолдуу түрдө 1 миллион сомдук зыянга учурадык.

Селдин кесепетинен арылууга эл өзү аракет кылып жатат. Бул жакка техника да келбейт. Башка ресурстарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк жок. Айыл эли кол менен гана иштеп жатышат. Ошондуктан, бизге көңүл буруп коюуңуздарды суранбыз. Биздин губернатор, акимдердин келип кабар алып, жардам берели деген ойлору жок. ӨКМдан да келип көрүп кетишкен, бирок эч кандай жыйынтык болбой жатат", - деп кайрылуу жолдоду айыл эли.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости