www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өңдүн кубарып кетиши өлүмгө алып келиши мүмкүнбү?

Британиялык окумуштуулар адамдын өңүнүн кубарып кетиши ичеги рагынын өрчүп жатканынан кабар бериши мүмкүн экенин айтышты. Бул тууралуу «Известия» басылмасы жазды.

Адистер белгилегендей, мындай белги организмде шишик өсүп, темир жетпей жаткандыктан пайда болушу ыктымал.

Адамдын каны аз болгон учурда дагы өңү кубарышы мүмкүн экендиги маалым болду.

Дарыгерлердин айтымында, ичеги рагына кабылган учурда адамдын өңү эле кубарып кетпестен, заңы менен кошо кан да чыгып, ичеги-карындын иштөөсү бузулат. Ошондой эле ичтин ылдый жагы тынбай оорутат. Медиктер эгер ушул белгилердин бири эле үч жумадан ашык кетпей коштосо, анда дарыгерге барып көрүнүүнү сунуш кылышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости