www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-майда, «Алыкул агай, кечирип коюнуз!» деген аталышта акция болууда.

«200 сомдук акчадагы сүрөткө байланыштуу акын Алыкул Осмоновдун мүрзөсүнө барып, маркумдан кечирим сурадык.  Улуттук банкка кайрылып, акчадагы сүрөттү оңдоого чакырык жасайбыз! Бу акциянын аягына чыгабыз!”,-деди активист Өндүрүш Токтонасыров.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын аягында Улуттук банк дизайны бир аз өзгөргөн 200, 500, 1000 сомдук жаңы акча жүгүртүүгө чыгарын билдирип, алардын жаңы жасалгаланган сүрөтүн жарыялаган. Социалдык тармактагыларга 200 сомдукта Алыкул Осмоновдун сүрөтү жакпай калып, көзү кылый болуп калганын жазып, нааразы болушкан. Бирок, Улукттук банк сын-пикирлерге карабай, сүрөт ошол бойдон каларын билдирген.

Ал эми СДПКнын депутаты Ирина Карамушкина “өзүнүн көзү кылыйдыр” деп адаттагыдай бапылдап,  чуу жараткан.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости