www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өндүрүш Токтонасыров: “Интерньюс уюму орду форумда эмес, түрмөдө боло турган Илим Карыпбековду алып баруучу кылышты”

Өндүрүш Токтонасыров: “Интерньюс уюму орду форумда эмес, түрмөдө боло турган Илим Карыпбековду алып баруучу кылышты”

Журналист: ГҮЛАЙЫМ ШАБРАЛИЕВА
29.04.2020, 17:45
14438
|

NazarNews маалымат агенттиги  укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровго байланышып, Илим Карыпбековду эмне үчүн сындап чыкканынын себебин сурадык.

--Өндүрүш мырза, неге Илим Карыпбековдун медиа форумда алып баруучулук кылганын “ордуң форумда эмес, түрмөдө” деп сындадыңыз?

--Интерньюс уюштурган “Медиа топтоо 2020” форуму аты коомчулукта терс жагы менен белгилүү, сый-урматы жок, күн тийген жердин күкүгүнө окшогон адамды алып баруучу катары чакырганы туура көргөн жокмун. Ошон үчүн сындадым. Анткени, аталган уюм бул аракети менен журналистиканын негизги принциптерине каршы чыгышты. Демек, алар оозеки түрдө чынчылдыкты, калыстыкты туу тутуп сүйлөшкөнү менен иш жүзүндө таптакыр башка иш кылышты деп эсептейм.

--Мүмкүн алар Карыпбековдун артыкчылыгын билгени үчүн чакыргандыр...

--Илим акча үчүн барса керек. Акча табылат, бирок абийир табылбайт да. Иши кылып, мунун баары бөлүнүп берилген акчаны жакшы санаалаштар тең бөлүшүп алуу үчүн эле чакырышса керек. Ошон үчүн Илимди алып баруучу кылышты да. Мына ушул кадамы менен аталган уюмдун баштапкы жана Кыргызстандагы жетекчилиги толугу менен ишенимден кетишти. Алардын ордуна таза иштей тургандар келбесе болбойт.

--Бирок, ушул эле медиа форум мактоого татыган иштерди кылса, аргасыз колдоп калбайсызбы?

--Эгер жалпы коомчулуктун мактоосуна арзый турган иштерди аткарышса колдойм. Бирок, азыркы курам кандай болгон күндө да кызматтан кетиши керек. Булар киши таппай калгансып, орду форумда эмес, түрмөдө боло турган адамды чакырып, алып баруучу кылышты. 

Булак: NazarNews.kg



Поделитесь с друзьями