www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Сооданбековдун 13 жаштагы кызды зордуктаган адамдарды сот жоопкерчилигинен бошоткон өкүмүнө каршы Башкы прокуратуранын алдына митингге чыкты.
"Адилеттик органынын расмий өкүлү болуп туруп, 13 жаштагы кызды зордуктаган кылмышкерлерге жаза бергендин ордуна экөөнү бошотуп, бирөөнү 7 жылга эле кесип койгону мен үчүн оор болуп жатат. Бул судья Сооданбековдун үстүнөн кылмыш иши козголуусун талап кылып жатам. Иш кайрадан ачылып, адилет каралсын. Башкы прокуратурада турганымдын себеби бул эң башкы көзөмөл органы болуп санадат. Эми булар бюрократияга салып, эми бул Тоңдо болгон иш экен деп отуруп алышпасын деп жатам", - деп түшүндүрдү акция уюштуруу себебин.
11-декабрда Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Сооданбеков 13 жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталган 45 жаштагы Урмат аттуу адамдын жазасын жеңилдеткен. Жабырлануучу кыздын адвокаты Айнура Асанованын айтымында, сот ага карата «Зордуктоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишин «Жашы жете электерге карата жыныстык аракет» беренесине которуп, 7,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми кызды зордуктоого айыпталган дагы эки кишини - Жолдошбек менен Эржанды актаган.
Кыздын адвокаты жана атасы судьянын чечимине каршы апелляциялык арыз жазарын билдиришти.
Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары судья Сабыр Сооданбековго кызматтык иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылышууда. Ошондой эле ЮНИСЕФ бул иш боюнча адилеттүү сот чечими чыгышын талап кылды.
Булак: NazarNews.kg