www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-сентябрь күнү Бишкек шаарында маркум журналист Уланбек Эгизбаевге арналып куран окутулуп, эскерилди. Бул иш-чарага Уландын ата-энеси, жубайы Кочкордон атайын келип катышты жана аны эскерүү үчүн ар тараптан, ар түрдүү тармактагы адамдар чогулушту. Чогулгандардын сүйлөгөн сөздөрүн ирети менен берип, Улан тууралуу коомдук адамдардын пикирлерине назарыңыздарды бурабыз. Өз кезегинде жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, өзүнүн пикирин төмөнкүчө билдирди.

-Арман дүйнө, кече көргөнүм, бүгүн жок дегендей... Уланбек инимдин ушул залда үйлөнүү тою аябай бир тарыхый окуя сыяктуу эсте каларлык чоң салтанат менен өткөн. Ошол кубанычтуу күндү эстеп алып, азыр ичим уйгу-туйгу болуп отурам. Биз Уландын тагдыры ушундай болуп калаарын күткөн эмеспиз. Улан ким... Улан деген 28 жашында эле жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу, аттуу-баштуу журналисттерден болгон ишкердиги жатат. Бейиштин төрүндөй болгон Кыргызстандын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жаткан коррупция туралуу темаларды алып чыкчу. Мен ТВ, радиолордон Улан чыга турган күнү аябай сүйүнчү элем. Анын аты-жөнү бир эле ата-энесинин эмес, бүтүндөй кыргыз элинин уулу катары алтын тамгалар менен жазылып калат. Жазылып калууга тийиш.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости