www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук онкология жана гемотология борборунун статистика бөлүмүнүн дарыгери Гульназ Юсупжанова акыйкаттык издеп, NazarNews маалымат агенттигине кайрылды.

Гульназ Юсупжанова Улуттук онкология жана гемотология бөлүмүндө иштеп жатканына бир жылдын жүзү болуп калды. Ал жумушка 2022-жылдын август айында орношкон. Дарыгердин айтымында, жаңы жумушка келген кезде статистикалык дарыгердин кызматын диплому жок санитарка аткарып, 18 жыл бою 15 бөлүмдөн отчет алып келген.

“Онкологиянын мафиясы. Азыркы тапта мен онкологиянын статистикалык отделинде мед статистик болуп иштеймин,ал эми жаны иштеп баштаганда, мен аябай шокко тушчу фактыны көрдүм, себеби мен келген бөлүмдө статистикалык дарыгердин жумушун бир диплому жок аял аткарып олтуруптур. Дагы бир мед статистиктин жумушун диплому жок санитарка аткарып, 18 жыл бою 15 бөлүмдүн врачтарынан, медсестраларынан отчёт алып, текшерип олтуруптур. Мен ошону ачык айтып баштасам,мага бөлүм башчысы Аида Сулайманова тараптан моралдык кысым жана укугумду тебелөө башталды.Таптакыр иштегенге мүмкүнчүлүк жок болуп калды. Кой эми бул жакта медиктер жетишпейт экен деп ишимди так аткарып олтурсам, ар кандай провокациялар башталды. Мага келген башкы медсестраларды тукуруп, коркутуп үстүмөн арыз жаздырып башташты. Ал эми койгула татынакай эле иштешип эле атпайбызбы десем,алардын баары тен Аида Сулаймановага кошулуп алып, “биз өмүр бою санитаркага отчёт берип келгенбиз, билгениңди кыл, биз сен менен иштеше албайбыз” деп ызычуу салып башташты. Ошол бөлүм башчылардын арасынан онкогинекологиянын башкы медсестрасы мага “сен жалгызсың, колуңан эмне келет? Сага жүздөй адам каршы, эмне кыла аласың” деп бетиме айтканда жүрөгүм кармап, араң эс алдым. Анан ойлондум, менин артымда карапайым эл турат деп. Аны 100 адам колдосо, мени миңдей адам колдойт. Ал эми айлам кеткенде директору Б. Султангазиевага кирсем, ал деле “баары тең сага каршы” экен деп, мен менен тирешип мед статистиктин денгээлине түшүп, “мен баарына кол койдуруп алдым, жумуштан бошоп” кет деп бетиме эле туз айтты. Анысы аз келгенсип бөлүм башчысы Аида Сулайманова баардык онкология бөлүмдөрүнө, поликлиникага, лабораторияга, башкы медсестра Фатима менен кошулуп алып мен туралуу жаман сөз айтышып, ушактарды таратышып, баарына кол койдуруп мага каршы арыз жаздырып алышыптыр. Эми ойлосоңор мындай ишти бала бакчада деле кылбайт болушу керек? Элге күлкүлүү болушу керек. Эч себепсиз менин укугумду тебелешип чогулушка кайра – кайра салып аябай эрмектеп башташты. Бул деген көздөрүнө май басып, көбүп эч нерсени көрбөй калгандарынын белгиси”,-дейт Гульназ Юсупжанова.

Ошондой эле, дарыгер Саламаттыкты сактоо министрлигине жана УКМКга арыз менен кайрылып, УКМкдан эч кандай жооп албаганын айтат.

“УКМК ишти караган деле жок. Министрликтен арызымды карап, текшерип келишти. Ошол текшерип жаткан жерден санитаркадан башка дагы бирөө диплому жок дарыгер болуп иштеп жүргөнү ачыкка чыкты. Кантип диплому жок адам дарыгер болуп иштейт”,-дейт дарыгер.

Гульназ Юсупжанова анын дарегине кысым көрсөткөн адамдарга карата мыйзам чегинде жаза берүүсүн суранып, өлкө башчысына кайрылды.

“Мен президентибиз Садыр Жапаровго кайралыт элем. Урматтуу, Садыр Нургожоевич! Бизде чыныгы закон иштейби жээ жокпу? Кайсыл жакта бар экен санитарка отчёт алат деген? Диплому жок аял врачтын ишин кантип аткарат?

Мен бул редакцияга акыйкаттык издеп кайрылып олтурам. Тынч иштеп олтурган адамга эмнеге мындай кылышы керек? Эмнеге мыйзамдын негизинде жумушту талап кылсам, мыйзамга каршы болушуп, мага каршы иш чараларды жүргүзүп атышат? Мага моралдык жана психикалык кысым көрсөтүшүп, кетиргендин аракетин кылышып, кет деген талапты эч себепсиз коюп атышат.

Медицина тарапта диплому бар адамдар иштеши керекпи жээ жөн эле көчөдөн келгендерди каалагандай иштетип олтуруш керекпи? Бул жак мафия болуп бутуптур. Директору онкологияны частный клиника кылып, бөлүм башчысы Аида Сулайманова деле каалаганын кылып, такыр статбөлүмгө тиешеси жок жумуштарды аткарганы аз келгенсип, менин тынчымды алып стресске түшүрдү.

Азыр ден соолугум начарлап баштады. Ал эми айлыгым болсо аз болчу, айлам кеткенде арыз жазып бер деп күчкө салып жатышат. Андан сырткары бул жакта дагы башка мыйзам бузуулар бар экен, аны айтпай эле коеюн. Баары биригип алып директор баш болуп, врачтары медсестралары төш болуп, жаман сөздөр менен жала жабышып, сен коллектив менен иштешкенди билбейсиң деп, биз дайыма коррупцияны колдоп келгенбиз, сен каяктан чыккан адамсын эле деп, мен жумушумду так аткарып чындыкты айтып келсем дагы, мага каршы чыгып атышат. Эмне буларга онкология ойунчук болуп калганбы? Онкологияга жаны кейип, кудайга үнү жетип калган адамдар келип көрүнүп олтурушса, санитаркалар бийлеп каалаганын кылып атышса, эмне деген жыйынтык болот?

Ошого бир мисал келтирип берейин бир бөлүмдүн врачы мени каратып туруп санитаркага келип диагнозду оңдотуп кетти. Менин бул бир жылдын ичинде эле көргөн фактым, башкасын айтпай эле коеюн. Мен өзүмдүн ордума күйгөн жокмун, мен медицинанын патриоту катарында Кыргызстандын келечегине куйуп жатам. Менин президенттен мындай мыйзамды бузган адамдарга жана ушундай акмакчылыкка жол бербей,көзөмөлгө алышын жана мыйзамдын чегинде чечип берүүсүн суранат элем!”-деп өлкө башчыга кайрылды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости