www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кожобек Рыспаев, Жыргалбек Турускуловдор караса көзгө илинбей, кайда экени билинбей кетти эле. Көрсө бар экен. Жылуу коңулга кирип алышып, көздөн далдоо тирилик кылып жатышыптыр. Кожобек Рыспаев Кыргызстан улуттук электр тармагынын директорлор кеңешинин төрагасы, Жыргалбек Турускулов директорлор кеңешинин мүчөсү болуп алышыптыр. Ушуларга эле жыргал. Эшиктен куулса, тешиктен киришип. Кайда болсун эбин табышып, жеңден кончко куюлуп түшүп жан багышат... Иши кылып буларга мамлекеттин акырынан "жем жеп", жемсөөлөрүн толтуруп туруш керек...

Караса көзгө илинбей, кайда экени билинбей кеткен Кожобек Рыспаев деген "кубулма" Кыргызстан Улуттук Электр тармагында директорлор кеңешинин төрагасы болуп көздөн далдоо жылуу коңулда күн кечирип жүргөн учуру. Кайсы бийлик болсун "көлдөлөң" болуп төшөлүп, колтугуна кирип кетчү өнөрү жерге калтырбаптыр. Акыры Садыр Жапаровдун дагы бийлигине жагыптыр. 

Кезинде Феликс Куловдун этегин кармап "Ар намыс" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп, саясатка аралашып, өзү айтмакчы "элита" болуп чыкты. Анан Феликс Куловдон оомат кеткенде Алмазбек Атамбаевге кошомат кылып СДПКдан депутат болду. Атамбаев бийликтен кеткенде, аны жамандап Сооронбай Жээнбековду чачпагын көтөрө койду. Ал бийликтен куулган соң, минтип Жапаровдун этегине эрмеше койгон тура. 

Көнгөн адат калабы дегендей эртең башканын колуна суу куюп жүргөн болот. Ушундайларды эле эмнеге жармаштырып алышат. Булардын тартып турган магнити барбы? Жогорку Кеңештин депутаты болгон эки чакырылыштан бери артынан деги эле жакшы сөз айтылган жок эле. Аны өзү деле моюнуна алып: «Мени ээрчиген ыплас сөздөргө түшүнүү менен туруштук бердим» - деп каңырык түтөткөн жайы бар. 

Ырасында, чындап элдик адам болсо чеке жылыткан сөз укпай, өзү айткандай жалаң сын сөздөргө чулганып, ар дайым жеме угуп келбейт эле да? Депутаттарды Японияга эл аралык парламенттик жыйынга чакырып калат. “Карышкырга кой кайтарткансып” кыргыз депутаттар делегациясынын башына элита депутат Кожобек Рыспаев барат. Буларга жыйындын эмне кереги башына уруп ойнойбубеш-алты күн сайрандап “Сакэден” урушуп, жаткан мейманканасынын бөлмөсүн тамеки менен ыштап, гүлпөт чегишет. Бул мейманканада тамеки чегүүгө тыюу салыныптыр, ошондуктан булар бүчөктөрүн паластын алдына тыгышат. Ушул иши аларга айгак болот, анткени бөлмөнү тазалап жүргөн адам муну байкап олчойгон айып салышат. Ошондуктан бул айыптарын төлөөгө аргасыз болушат, япондуктар булардын элита депутат экенин билеби? Айыпты элита депутаттар өз капчыгынан төлөшмөк беле элдин салыгынан түзүлгөн мамлекеттик бюджет төлөйт да. Шайлаган элдин ушинтип кыжырына тийген “чимкирик” депутаттар өздөрүн “элита” сезишет экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости