www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британияда экологияга келтирилген зыяндын көлөмүн азайтуу максатында өлгөндөрдү щелочтуу сууга эритүү практикасы киргизилүүдө (ресомация). Бул тууралуу "The Guardian" басылмасы жазды.
Белгиленгендей, суу менен бальзамдоо практикасында өлүктөр 160 градус температурада атайын щелочтуу сууда эритилүүдө. Улуу Британияда аймакты өзгөртүү ушул жылдын аягынан тарта күчүнө кирери айтылууда.
Маалымат үчүн айта кетсек, өлгөндөрдү сууга эритүүгө АКШ, Канада жана Түштүк Африканын бир катар штаттарында расмий түрдө уруксат берилген.
Денени сууга эритүү менен салттуу кремациянын айырмасы бул процесстин атмосферага уулуу газдарды 50 пайызга аз бөлүп чыгаруусунда. Мында щелочтуу сууга ыргытылган өлүктүн сөөктөрү гана сакталып, сөөктөр өрттөлүп, майдалангандан кийин күлү маркумдун жакындарына берилет.
Процесстин натыйжасында пайда болгон сууну агынды суу катары кайра дренаждык системага жөнөтүүгө уруксат берилет.
Бул тажрыйбаны жактоочулар маркумдун денесине жумшак мамиле кылып, айлана-чөйрөгө азыраак зыян келтирет деп айтып келишет.
Сурамжылоолорго караганда, ресомация же аквамация деп аталган бул процессти өлкөнүн калкынын көбү билбейт. Бирок жетиштүү түшүндүрмөлөрдөн кийин 29 пайызы аны акыркы сапарга узатуу зыйнатында колдонууга каршы эместигин айтышкан.
Ресомация үчүн жабдуулар менен камсыз кылуучу комапния Resomation, бул параметр кремацияга караганда үчтөн бир аз парник газдарын чыгарат деп ырастайт. Мындан тышкары, ал азыраак энергияны талап кылат. Негиздөөчүсү Сэнди Салливан ресомация процессинде колдонулган суюктук кийинчерээк ДНКнын изи калбай суу циклине кайтарыларын айтты. Co‑op Funeralcare башкаруучу директору Гилл Стюарт өз кезегинде сөөк коюу үчүн жер түгөнүп баратканын жана жаңы ыкма калктын санынын өсүшүнө байланыштуу потенциалдык көйгөйлөрдү чече турганын белгиледи.
"Улуу Британияда кремацияны баштоо менен Co-op Funeralcare адамдарга бул дүйнөдөн кетүүнүн дагы бир жолун сунуштап жатат. Анткени бул табигый процессте от эмес, суу колдонулат. Ал денени жумшак түрдө жок кылат жана айлана-чөйрөгө азыраак зыян келтирет ", - дейт Джулиан Аткинсон, UK Co-op Funeralcare сөөк коюу кызматтарынын башкы директору.
Сөөк коюучу компания жаңы кызматтын баасы салттуу кремациянын баасына окшош болоорун билдирди. Алгач ресомация белгилүү бир жерлерде гана сунушталат, бирок келечекте бул практика бүткүл Улуу Британияга жайылтылат.
Маалымат үчүн айта кетсек, өлүктөр салттуу түрдө өрттөлгөндө 245 килограмм көмүртек абага чыгат. Бул жылына 115 миң 150 тонна көмүртек дегенди билдирет. Бул сумма 65 миң кожолукту электр энергиясы менен камсыз кылууга жетет.
Кремация процесси салттуу табытта жүргүзүлөт. Бирок сөөктү кремациялоо үчүн жүн кепинге ороп, жүгөрү крахмалынан жасалган “биобаштыкка” салышат. Андан соң өлүк 95 пайыз суу жана беш пайыз калий гидроксидинен турган атайын камерага салынып, болжол менен 160 градуска чейин ысытылат. Төрт сааттан кийин өлгөн адамдын сөөктөрүнөн башка бардык органдары эрийт.
Булак: NazarNews.kg