www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Союз тарагандан кийин жетиштүү көңүл бурулбаган, тийиштүү шарты жок ооруканаларда жарыбаган айлык алып эмгектенип келген дарыгер, медайымдарда эмне күнөө? Бирок тээ түпкүрдө жаткан көйгөйдү көзгө сая көрсөтөйүн деген блогер мекендештин да өз чындыгы бар. Мындай пикирин филология илимдеринин кандидаты, тележурналист Нуркыз Кадырбек кызы билдирди.

"Мамлекет да бир үй-бүлө сымал. Кирешең чакталуу болсо, балдарды тойгозуу, кийиндирүү, сууктан эптеп жылуу чыгуу деген көйгөйлөр менен алектенебиз. Ал эми үйүндүн ремонту, замапбап технология менен жабдуу ой жеткен менен кол жетпеген нерсе бойдон калат. 

Ошонун сыңары Союз ыдырап, эгемендүү болгондон бери мамлекет бюджети чак, экономикасы чабал болуп,  ооруканалар капиталдык ремонт түгүл, убактылуу оңдоп-түздөтүүгө арзыган акча бөлө албаганын көрүп эле турабыз. Жабдуулар эски, каражат таңсык.

Медицина кызматкерлерине түзүлгөн шарт, корголуусу, маяна, статус жөнүндө сөз кылбай эле коёюн. 

Дагы текшерүү келиптир десе, ыйлагың келет.

Ошондон улам барып ошол көйгөйдү көзгө сая көрсөтөйүн деген блогер мекендешимдин да өз чындыгы бар. Ал да эрк, жоопкерчилик машакат… 

Албетте, мамлекеттин казынасы кантип, кимдерден ушунча жыл аксаганы өзүнчө чоң тема…

Бирок, мен дарыгерлер тууралуу айткым келди. Жазда эле бир аз сыркоолоп, ошол облустук төрөт стационарында дарыландым. Операция учурунда жабдуунун айрым кемине даттанбай, ийиндешип, жогун башка бөлүмдөн ала коюп жасагандыгын көрүп, бир тарабы дарыгерлерге денем жибип ыраазы болсом, бир тарабы ооруканадагы материалдык базаны карап, жүрөк тилине зээним кейигем.  

Эч ким менден акча сураган жок, ыраазы болуп белек берейин десем да алган адам болгон жок. Сурап-сырдашып олтурсам, тээ 90-жылдардын аягы оор болуп, жөнөкөй мээлей жок, жылаңач колдору менен операция жасаган ошол облустук төрөт үйүндө иштеген гинекологдордун 95 пайызы кандан гепатит жугузуп, айрымы каза болуп, калгандары бир өмүр оору ашырып, диета дары менен жашап, иштешет экен. Алар бири да даттанып, арызданып, пресс-конференция бербей, тандаган кесибине там берип, кала бериптир. Аял гинекологдор кай бири 1,2 бала менен оорудан улам, төрөй албай калышыптыр. Алардын укугун эмне айтпайбыз. 

Мен төрөп жатсам, кирип келген эркекти мен да жактырбай, даттанмакмын. Кудайга шүгүр 4 перзентти ошол мамлекеттик эле төрөтканада төрөдүм . Таанышың жок экен деп таштап койгон жок. Ошол жерде дарыланып жатканда да түнү-күнү келгендерди кабак-кашым дебей кабыл алып, мигрант болуп жүрүп өтө оор келгендерди, бизге катталган эмессин деп жектебей эле чаркөпөлөк айланып операцияга алгандарын көрдүм. Бул чындыкты, жолдошум, бир туугандарым медик болгон үчүн эмес, жарандык позициям катары айткан пикирим жана берген баам.

Айрым акы сураган дарыгерлерди бетке тутпаганга чакырам. Адам өзү ар турдүү. 6 бир туугандан да бир тентек чыгат. Андайларга нысап берсин дейли.

Оорукананын чиригени калган эшиктерип эптеп сырдап, ошону 3 маал сүрткөн, ажатканасынын унитазы эбак талкаланып, артынан суу тамчылаган полдорун 5 маал жууган санитаркада, арзыбаган айлыкка бир бөлүмдөгү 40 аялга дарысын берип, уколун сайган медайымда же 7 жыл окуп, 18 миң айлыкка нормадан сырткары бейтапты кабыл алып, бар алынча карап, бала окутуп, кыз берген дарыгерде эмне күнөө?

Мамлекеттин акчасын чөнтөккө солоп шарт түзбөгөн өкмөт, ажо, жетекчилердин, башкаларга таанылуу таасир артуу үчүн аш-тойго акчасын чачып, ошондон саясий упай топтоп, электорат топтогон күркүлдү, ошол көйгөйдү чечүү боюнча конструктивдүү пикир, сунуш, долбоор бербеген сиз менен менин күнөөбүз, кемчилигибизди белгилегим келди. 

Дегеним, ошол жердеги шартты, ремонттун зарылдыгын видеого тартып, бардар ишкерлерге, кайрымдуулук жасадым деген блогерге, жетекчиликке сунушум, болжолдуу механизмдер ( ишкерлерге салыктан жеңилдетүү сунушу менен кат негиздеме берип, максаттуу каражат бөлдүрүү боюнча) менен жөнөттүм. Баарысынан бармак келди жооп болгон жок. 

Ушул окуялардан кийин, өкмөт бир силкинип, ийри олтуруп, түз чечим кабыл алып, акчаны асманга сапырган аш-той мааракелерди кыскартып республикадагы ооруканаларды капиталдык ремонт жасоого жана дарыгерлерге шарт түзүүгө мезгил жетти", - деди Нуркыз Кадырбек кызы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости