www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оо-о Икрамжан ака кыйын го...

Соңку күндөрү президенттин кеңешчиси Икрмажан Илмиянов интернет айдыңында «жылдызга» айланды. Мектеп курулушу, суу түтүктөрүнүн ачылышы ж.б. иш-чараларга катышканын «Баткен ТВсы» даңазалап салды эй.

Пиар кампаниянын жүрүшүндө Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ынды тегеректегендей эле образ жаралып, жергиликтүү кызматкерлер каадалуу баскан Икрамдын кареги менен тең айланышканы, «иштебесеңер кылмыш ишин козготом» десе макул болушуп, хандай эле кабыл алышканы кызык болууда. Баткендин падишахына айлангандай…

Мындан сырткары, Илмиянов түштүк региону боюнча Сооронбай Жээнбековдун штабын көзөмөлдөөчү башкы фигурантка айланууга ашыкканы эмитен эле «эсептешчү» чиновник, бизнесмен, таасирдүү адамдардын казкатар тизилүүсү эмнени билдирет? Ошого катар ага ар кандай кызматтагы чиновниктер менен депутаттар да багынып бергени, жадакалса президенттикке аттанган айрым саясатчылардан бери кошомат кылышып, алдыга төшөлүүгөчейин жетип калышканысчы? Эр экенсиң Икрам! Ошондой кул мүнөз, күнкарама аткаминерлерди эзе бер, керек болсо басып жесең да андайлар «кыңк» дебейт. «күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин» дейт даанышман элибиз…  

Булак: "АЗИЯnews"

Следующий >

Последние новости