www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин 10-ноябрга караган түнү Ооганстанда талибдер бийликке келгенден кийин Тажикстанда баш калкалаган 143 ооган учкучу АКШнын жардамы менен бул өлкөдөн чыгып кеткени маалымдалган. «Интерфакстын» маалыматына караганда, аскерлер Өзбекстандын «Uzairways» авиакомпаниясынын учактары менен кетишкен.

Ошондой эле, учкучтардан сырткары бир нече оогандык үй-бүлө жана журналисттер да Тажикстандан чыгып кетти.

Маалыматка ылайык, бир күн мурун АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги Тажикстандан 191 оогандыкты (анын ичинде учкучтарды) үчүнчү өлкөгө, ал жактан АКШга алып кетүү ниетин тастыктаган. Учкучтардын арасында тажик дарыгерлеринин көзөмөлүндө болгон эки кош бойлуу аял бар экени белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости