www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын президенти Ашраф Гани памирлик кыргыздарга тез арада жардам жөнөтүүнү тапшырганын "Jomhornews" агенттиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Гани Бадахшандагы кыргыз тектүү тургундар катаал климаттык шартта жашарын биле турганын айтып, айрыкча кыш мезгилинде олуттуу сыноолорду башынан өткөрүшөрүн белгилеген.

Ооган лидери өлкөнүн түндүгүндөгү кыргыз мекендештерине чукул жардам жеткирүү боюнча чукул чараларды көрүүнү биринчи вице-президент Амруллах Салехге тапшырды жана 10 миллион афгани (11 млн сомго жакын каражат) бөлдүрдү.

Жардамды жеткирүү ишин уюштурууну Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин башчысы Гулам Жейлани жетектеп, памирлик кыргыздарга керектүү азык-түлүк жана жана тиричилик буюмдары жеткирилди. Мындан тышкары, ар бир тургунга 5 миң афгани (5 478 сом) өлчөмүндө жардам бөлүп берүү каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости