www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооган учкучтары Тажикстандан чыгып кетти

Вашингтон АКШнын даярдыгынан өткөн жана “Талибан” кыймылы бийликке келгенден кийин Тажикстанга качып барган ооган учкучтарын алып чыгып кетет.

Ооган учкучтары август айынын ортосунан бери Тажикстанда жана бир нече жолу келечектерине кабатыр болуп жатканын билдиришкен.

Душанбе эл аралык аэропортуна келген “Озоди” радиосунун кабарчылары учкучтардан тышкаркы дагы бир нече ооган үй-бүлөлөрү, анын ичинде журналисттер Тажикстандан учуп кетүүгө даяр турушканын кабарлады.

9-ноябрда АКШнын Душанбедеги элчилигинин кызматкерлеринин бири Тажикстанда 190дой ооган жараны, анын ичинде учкучтар бар экенин тастыктаган.

“Америкалык дипломатиялык миссия ушул тапта Тажикстандагы бул жарандарды чыгарып кетүү маселеси менен алектенүүдө”, - деген дипломат.

Анын айтымында, оогандык жарандары жакынкы күндөрү Душанбеден үчүнчү өлкөгө, андан ары АКШга жеткирилет.

15-августта "Талибан" кыймылы Ооганстанда бийликти басып алгандан кийин Тажикстанга качып келген 143 ооган учкучу алгач мамлекеттик университеттердин биринин жатаканасына жайгаштырылып, көп өтпөй тоолуу райондогу санаторийге которулган. Учкучтар АКШ аларды алып кетип, качкын макамын берет деп үмүттөнүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости