www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшанын чек ара кызматы Беларус менен болгон чыгыш тарабындагы чек ара өткөрмө бекети 9-ноябрда жабыларын кабарлады.
Мындай чечим Беларустун аймагындагы мигранттар чек арада тартылган зым тосмолорун кесип өтүүгө аракет жасашкандан соң кабыл алынган. Беларустагы мигранттар "Бружи-Кузница" өткөрмө бекетинин жанына лагерь жайып алышкан. Бул окуя Евробиримдик миграция кризисинен чоочулап турган учурга туш келди.
Польшанын өкмөтү 8-ноябрда "Твиттерге" адамдар колунда бар буюм-тайымдары менен чек арадагы тосмолорду жарып өтүүгө аракет кылып жаткан видеосун жарыялаган. Өлкөнүн ички иштер министрлиги андай аракеттердин мизин кайтарганын билдирген. Польша өкмөтүнүн басма сөз катчысы Петр Мюллер 8-ноябрда Беларус менен чектешкен аймакта 3-4 миң мигрант топтолуп турганын, аларга дагы миңдегени келип кошулууга даяр турганын айткан эле.
“Польшанын чек арасындагы кырдаал келерки убакта курчуп, куралдуу кагылышуулар да орун алышы күтүлүүдө”, - деди Петр Мюллер. Ал Беларустун атайын кызматын чек араны бузуп кирүү аракеттерин уюштурганын айтып күнөөлөдү.
Булак: NazarNews.kg