www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстан энергетикалык корпорациясы Да Афганистан Брешна Шеркат (DABS) коңшу экспорттоочу өлкөлөр менен электр энергиясына болгон карызын жабуу үчүн бийликтен кулатылган чиновниктердин мүлкүн сатууну пландап жатат. Бул тууралуу копманиянын директорунун милдетин аткаруучу Сафиулла Ахмадзай билдирди.

«Процедура бүтүп, убактылуу өкмөт тарабынан жактырылгандан кийин, компания Ооганстандан кеткен чиновниктердин мүлкүн сата баштайт», - айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда, DABSтин мурунку директору Аманулла Галиб баса белгилегендей, сунушталган чара кыска мөөнөттө гана көйгөйдү чече алат.

«Акчанын суммасы эң жакшы дегенде электр энергиясына болгон карызды жарым-жартылай жабуу үчүн чогултулат. Бирок ал корпорациянын алдында турган маселелерди чечпейт», - деди ал.

Эске салсак, буга чейин DABS Ооганстандын Өзбекстанга, Тажикстанга, Түркмөнстанга жана Иранга электр энергияга болгон карызы 62 миллион долларга жеткенин маалымдаган. Электр тармагы 70%га төмөндөгөнүнө байланыштуу, компания БУУнун Ооганстандагы миссиясына кайрылып, карызды жабууга жардам сурап кайрылган.

Бул ортодо шейшемби күнү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркмөнстандын лидери Гурбангулы Бердымухамедов эки өлкө тең Ооганстанга жардам берүүнү, анын ичинде электр энергиясын берүүнү улантаарын айтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости