www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден Кытайдын лидери менен онлайн жолугат

АКШ президенти Джо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзинпин жыл аягында онлайн жолугушары кабарланды.

Лидерлердин жолугушуусу жөнүндө расмий өкүлдөрдүн бири журналисттерге анонимдүү маалымат берген. Ак үйдүн пресс-катчысы Жен Псаки жолугушуунун деталдары иштелип бүтө электигин маалымдады.

Лидерлердин онлайн жолугушуусу АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен Кытайдын башкы дипломаты Ян Цзечи Швейцарияда кезиккенден кийин жарыяланды.

Ак үй Салливан Тайван кысыгындагы окуя, этникалык азчылыктарынын жана Гонконгдогу демократиянын тарапташтарынын кысымга кабылып жатканына тынчсыздануусун белгилегенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости