www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентти башкарууга  туташ сабатсыздарды алып келүү демилгеси 2017-жылы ал кездеги президент Атамбаев тарабынан көтөрүлгөн. Маркум сабаттуу Чыныбай Турсунбековду кызматтан алып, ордуна сабатсыз Дастан Жумабековду парламентке төрага кылып алып келген. Дастан Жумабековго окшоп сабатсыздыгынан алдына киши салбаган депутат комитет жетекчиси Тазабек Икрамов. «Таз тазды тааныйт» дегендей сабатсыз сабатсызды комитет жетекчиси кылат да. Дастан мырзанын эмнеге эмгеги сиңди? Бир гана Дастан Жумабеков келгени парламент «чимкирик» атка конду. Чала сабаттуу спикер Дастан Жумабеков парламенттеги «халтурщиктердин» катарын толуктап, мыйзам жазам деп чампалап жүрдү. Ал спикердин катарынан кеткен соң депутаттар чогулуп алып той беришкен дешет. Көрсө битин сыгып, канын жалап бизнестен келиптир. Өзү Москва, Астанага барып алып тантыды, «Франкфурт-на-Майнени» билбей «Майаме» деди. ««Макалё» деген сөз кайдан чыкканын билбейм», -дейт эми Дастан Жумабеков. Эгер ал өзү айтпаса ким ага жабыштырмак эле? Бул сөздүн маанисин бир билсе Жумабеков билер. Талас ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Жумабеков Алмазбек Артисбекович Нарын ОИИБдин башчысы кызматына дайындалган. Алмазбек Жумабеков —Дастан Жумабековдун бир тууган агасы, булардын барына «крыша» болгон агасы Сабырбек. Кыргыздын кызыкчылыгын ар кимге сатып жүргөн «Дарс урган Дастан» аттуу бизнесменди медик акасы Сабырбек парламентке мурдунан жетелеп келген. Акасы мурунку бийликтерге каршы сөз айтмак түгүл, ачыбаган камырдай болуп арзыматтык кылып унчукпай жүрчү. Бизнесмен –миллиардер Атамбаев башы ооруганда ашлямфу алып берип, массаж жасап дарылай койо жүрүп, 2017-жылы үкасын мамлекеттеги №2 чи мансапка спикерликке ээ кылган. Спикер чүчкүрүп койсо премьер-министр да, министрлер да жок болчу.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдик толкундоодон кийин өз эрки менен кызматтан кеткен. Дастан Жумабеков өзүнүн айыбын билбей экс-президент Сооронбай Жээнбековдун башкаруусундагы кемчилигин сындап жүрөт. Экс-спикер Дастан Жумабеков жергеликтүү маалымат булактардын бирине берген маегинде минтет: “Адам баласы болгондон кийин кемчилиги болот. Мамлекетке кыянатчылыгы бар. Коомчулукта айтылган кээ бир кайрылууларга көңүл бурбай койгону – чоң кемчилиги ”, - деп кан какшайт Жумабеков. Жумабеков бул маегинде 2020-жылы 6-октябрь окуяларында Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен сүйлөшүп, өлкө тынчтыгы үчүн кызматын өткөрүп бергенин айткан. Демек жаңы бийликке жагынып жатат.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Жумабеков Борбордук шайлоо комиссиясына 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Жогоку Кеңешке депутаттарды шайлоосуна катышуу үчүн документтерин тапшырды. Учурдагы депутат жана мурунку спикер Талас облусундагы №20-Манас шайлоо округу боюнча талапкерлигин кое тургандыгы белгилүү болду.Талапкер бир шайлоо округу боюнча партиянын атынан же өз алдынча талапкерлигин кое алат. Кыргызстанда баш аягы 36 округ бар. Ар биринен талапкерлер чыга алышат. Шайлоого катышуу үчүн документтер ушул жылдын 13-октябрынын кечки саат 18:00го чейин кабыл алынат.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости