www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын Газни провинциясында ракета жайкын тургундардын үйүнө тийип, алты бала жана бир киши мерт болушту. Бийлик жана талип согушкерлери сокку үчүн жоопкерчиликти бири-бирине жүктөштү.

Губернатордун маалымат катчысы Ариф Нури ракета коопсуздук күчтөрү жоочуларга каршы операция баштаганда талиптер тарабынан атылганын билдирди. "Каза тапкан бөбөктөр бир жаштан 12 жашка чейин болчу", - деди Нури. Полиция да соккуну талиптер жасашканын ырастады. Ал эми "Талибандын" өкүлү Забихулла Мужахид бул маалыматты четке кагып, карапайым кишилер өкмөттүк күчтөрдүн аба соккусунан жан таслим болушканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости