www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюму "Талибан" кыймылы Ооганстанда кыйноолорго жана соттун өкүмү жок өлүм жазасына тартуу учурларына жол берилгенин билдирди. Уюмдун 15-декабрда жарык көргөн баяндамасында айтылгандай, талибдер “улуттук жана диний азчылыктар өкүлдөрүн, ооган армиясынын мурдагы жоокерлерин, өкмөткө жан тарткан адамдарды кыйноого алган жана өлтүргөн”.
Уюмдун баш катчысы Агнес Калламард Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылып, болжолдуу согуш кылмыштары тууралуу далилдерди иликтөөгө чакырды.
Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан бул уюм 1-августтан 15-августка чейин Кабулда изилдөө жүргүзүп, 65 адам менен бетме-бет маек уюштурган. Август айынан ноябрь айына чейин атайын мобилдик тиркеме аркылуу Ооганстандын 10 провинциясындагы 36 жабырлануучу жана күбө менен маектешкен.
Баяндамада ооган өкмөтү кулагандан кийинки жайкын тургундардын жабыр тартышына жол ачкан чабуулдарга Ооганстандын улуттук аскердик күчтөрү жана АКШ армиясы да жооптуу болгону айтылат. Кошмо Штаттардын аба күчтөрү 29-августтагы 10 адамдын өмүрүн алган дрон чабуулун "трагедияга алып келген катачылык" деп мүнөздөлөт.
15-августта Ооганстанда бийликти басып алган талибдер укук коргоо уюмдарынын буга окшош айыптоолорун четке кагат.
Булак: NazarNews.kg