www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттер да коронавирус менен ооруйт

Президенттер да адам, адам болгон соң илдетке чалдыгышат. Түштүк-Африка Республикасынын президенти  Сирил Сампора 69 жашында президент болуп туруп коронавирус дартына чалдыкканы тууралуу COVID-19 оорсуна каршы тест алганда белгилүү болду.  Тажикстандын борбору Душанбе шаарында саммит болгондо Орусиянын президенти Владимир Путин да бул илдет терс таасирин көрсөтүп жатат деп барган эмес. Коронавирус илдети 2019-жылдан бери жүдөтүп бүттү, эмне пайдасыз, эмне пайдалуу экенине көз жетип калды. Айла жок, бул илдет эки жылдан бери кетпес болуп маңдайыбызга жабышып алган соң, айласыз чыдашыбыз керек:

Коронавирус шартында пайдасыз болгондор:

1. Мамлекеттерди категорияларга бөлүү. Анткени өлкөдө аныкталган коронавирустун алгачкы учурлары Сауд Аравиясынан келген адамдар менен байланыштуу болчу. Ошондуктан, көпчүлүк мусулман өлкөлөрү менен байланыш соолгундап кеткен.

2.Көчөлөрдү дезинфекциялоо, дезинфекциялык тоннелдерди колдонуу максатында сырттан келген акча каражаттары көп колдонулуп, саман сапыргандай көптөгөн акчалар дайын оту менен жок болгон. Балким терс таасир дагы тийгизген. Каражаттар рационалдуу пайдаланылган эмес.

3. COVID-19 вирусун жуктурду деп шек жараткан адамдарды обсерваторлорго карантинге алуу. Терс таасир тийгизген, себеби обсерваторлордо тийиштүү шарттар түзүлгөн эмес. Тиешелүү шарттар түзүлбөсө, жарандарды үй карантинине алуу туура болот. Үйүндө үй-бүлө мүчөлөрүнө оору жугушу мүмкүн деген тобокел бар, бирок 100 киши жаткан обсерватордо көп кишиге оору жугушу мүмкүн. Медицина кызматкерлери көпчүлүк учурда кызыл зонада эмес, тийиштүү шарты жок обсерваторго жатканда коронавирус жуктурушкан.

4. Үймө үй кыдыруу да пайдасыз болгон. Жөн гана каражат жана күч сарпталган. Башында коргоочу костюмдар жок кезде ооруну жайылтуу коркунучу болгон. Себеби үйлөрдү кыдырган адамдар коргоочу костюмдарын алмаштырбай, үйлөрдү кыдырышчу.

5. Күндүзгү стационарларды ачуу терс таасир тийгизген. Изоляцияга алуу боюнча тийиштүү шарттар түзүлгөн эмес. Диагнозу аныкталбаган бейтаптар да жаткырылган. Суук тийген адам дагы ал жакка жаткырылганда коронавирус жуктурушуна алып келген. Бул оорунун жайылышына шарт түзгөн.

6. Экспресс-тесттерди жүргүзүү. Тесттердин коронавирусту аныктоо күчү төмөн болгондуктан пайдасыз. ПЧР-тесттер менен бирге каралышы керек экендигине байланыштуу тесттерди жакшы түшүнбөө болгон.

7. Медициналык уюмдардын базасында жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн ачылышы. Талаш маселе, бирок көбүнесе пайдасыз. Бөлүмдөрдү персонал жана жабдыктары бар саламаттыкты сактоо мекемелеринин базасында ачууга мүмкүн болчу. Бирок аларды жаап, кыскартышкан. Стационарларды ошол жерде иштеген медицина кызматкерлеринин эс алуусу үчүн пайдаланышкан. Алар жаткан койкаларды бейтаптарга берсе болот эле.

Коронавирус шартында пайдалуу болгондор:

1. Массалык иш-чараларды тыюу. Изоляциялануу, адамдар көп чогулган жерлерге барбоо, бет кап тагынуу. Өзгөчө абал режими. Өз убагында киргизилген. Оорунун жайылышын токтоткон. Бир гана элде коркуу сезими күчөгөн. Бул чаралардын баары аябай эффективдүү. Калк бул эрежелерди сактаса, эффект мындан да жогору болмок

2. Өзгөчө абал режимин алуу. Бир канча факторлор бар. Элдин коркуу сезими дароо төмөндөгөн, бала бакчалардын иши жанданган, эл аралык авиакаттамдар ачылган. Булар коронавирус жуктурган адамдардын көбөйүшүнө алып келген. Экинчи толкун. 32 мамлекеттен келген жарандарга чек арадан өткөнгө уруксат берүү экинчи толкундун күчөшүнө таасир эткен. Балким өлкөгө коронавирустун ар кандай штаммдары киргизилген. Октябрдагы окуялар дагы өз таасир тийгизген.

3. Окуучуларды аралыктан окутуу. Мектептердин ачылышы айрым окуучуларга чын эле таасир эттиби деп карадык. Анчалык деле айырма көргөн жокпуз.

4. Облус, район, айылдардын кире беришинде санитардык пунктарды уюштуруу.

5.Ооруканалардын профилин өзгөртүү

6.Мобилдик бригадаларды түзүү. Бирок башында аларда коргоочу костюмдар жетиштүү эмес болчу.

6.Медиктердин коргоочу костюмдарды колдонуусу. Бирок комбинезондорду сатып алууга чоң акча сарпталган, алардын ордуна бир жолу колдонулуучу халаттарды алса болот эле. Респиратор жана кол каптарды сатып алууга көңүл буруш керек болчу.

7.Колду жуу. Бирок бул эрежени эл аткарышы керек.

8.Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө чараларын күчөтүү, бирок туура башкарууда гана.

 «JAME Cardiology» журналы жарыялаган маалыматтар боюнча коронавирустук инфекция менен ооругандардын 78 пайызы оорудан айыгып кеткенден бир нече айдан кийин жүрөктүн иштөөсүнүн бузулганын аныкташкан. Буга чейин илимпоздор Франкфурт-на-Майнедеги университеттик ооруканадан COVIDден айыгып чыккан 100 бейтаптын көрсөткүчтөрүн талдашкан.

Сурамжылоодо инфекциядан кийин жүрөк көйгөйлөрү бар 78 бейтап аныкталган. Коронавирустук оорудан айыккан катары эсептелген адамдардын 60 пайызынан миокарддын сезгенүүсүн байкашкан. COVIDден дарылангандан кийин сизде ядро болуп калуу коркунучу бар. Илимпоздор «коронавирус жүрөккө күч келтириши мүмкүн» деп эсептешет. Бүгүнкү күндө вирус миокардга узак мөөнөттүү зыян келтириши мүмкүн жана буга жол берүүнүн бир нече жолдорун айтышат.

Мурдараак дарыгерлер коронавирус менен ооруканага жаткырылган бейтаптарды байкап жатып, ковид кан тамыр системасынын абалына таасир эте аларын айтышкан. Бирок мындай таасир берүү принциби алар үчүн түшүнүксүз болчу. Бүгүнкү күндө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында коронавирус инфекциясы өпкөнүн эле эмес, бүт дененин вирус менен жабыркашына алып келиши так аныкталды.

Ошол эле учурда ковид жүрөккө узак мөөнөткө таасир этип, анын тутумуна зыян келтириши мүмкүн. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, COVID жүрөккө кандайча таасир этерин, бейтаптар жүрөк көйгөйлөрүнө чалдыгып, алардын тобокелдигин азайтуу үчүн эмне кылуу керектигин аныктоо үчүн дагы көбүрөөк изилдөө керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости