www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Акаев сурактан чыкты

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев УКМКга сурак берип чыкты. Бул тууралуу анын жактоочусу Айбек Самарбеков билдирди.

Анын айтымында, Акаев тергөө маалыматын ачыкка чыгарбоо келишимине кол койгон. Ал жума ичинде УКМКга суракка келип турарын кошумчалады.

Акаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте бир нече саат болду.

Ал «Кумтөр» алтын кени боюнча август айынан бери көрсөтмө берип келет.

14-декабрда Акаев Кыргызстанга экинчи ирет келди.

2-августта Акаев мекенине келген максатын мындайча түшүндүргөн: «Мен «Кумтөрдү» кантип курганыбызды, эмне үчүн курганыбызды, кандай катачылыктар кетирилгенин ачык айтайын деп келдим».

Анда ал 16 жылдан соң Кыргызстанга биринчи жолу келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости