www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда COVID-19дан өлгөндөрдүн саны 800 миңден ашты

Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 14-декабрда Кошмо Штаттарда өпкөнү сезгенткен коронавирустан кайтыш болгондордун саны 800 миңден ашты. Президент Жо Байден бул санды “трагедиялуу этап” деп атап, элди эмдөөдөн өтүүгө, коронавируска каршы эмделген адамдарды вакцинанын кошумча дозасын алууга чакырды.

“Кыш келип, жаңы вариант тооруп турган шартта биз бул вируска каршы чогуу күрөшүүнү улантышыбыз керек”, - деди Байден.

Америкада 200 миллиондой адам коронавируска каршы толук эмделди. Бул жалпы калктын 62 пайызын түзөт. Учурда COVID-19дан көз жумгандардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр.

Дүйнө жүзүндө коронавирустан өлгөнү расмий ырасталган 5,3 миллион адамдын 15 пайызга чукулу Кошмо Штаттарга туура келет. Илдеттин курмандыктарынын санын жалпы калктын санына салыштырганда АКШ дүйнөдө 20-орунда турат. Бул категорияда алдыңкы бештикте Перу, Болгария, Босния жана Герцеговина, Монтенегро (Черногория), Венгрия турат.

Соңку апталарда коронавирустун "Омикрон" атту жаны вариянты дүйнө өлкөлөрүндө кооптонуу жаратып жатат. 14-декабрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жаңы вариант мурдагы штаммдарга салыштырмалуу тездик менен жайылып жатканын эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости