www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу 10 адамдын катарына кирди

Орусиянын президенти Владимир Путин ушул жылы эркектер арасында дүйнөдөгү эң көп кадыр-баркка ээ 10 адамдын катарына кирди.

Дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу адамдардын тизмесин "YouGov" британиялык социологиялык институту жарыялады.

Рейтингде Путин тогузунчу орунга чыкты. Белгилей кетүүчү нерсе, өткөн жылдагы сурамжылоонун жыйынтыгына салыштырмалуу Путин рейтингде үч сапка көтөрүлгөн.

Ошол эле учурда 2020-жылдагы рейтингде алдыңкы үчтүккө кирген лидерлердин орду өзгөргөн жок.

Тизмеде биринчи орунду АКШнын экс-президенти Барак Обама ээлесе, экинчи сапта Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс, үчүнчү орунда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин турат.

Төртүнчү жана бешинчи орундарды футболчу Криштиану Роналду жана актёр Жеки Чан ээледи.

Ошондой эле алдыңкы ондукка Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск, футболчу Лионель Месси, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Alibaba Group компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма кирди.

АКШнын учурдагы президенти Жо Байден рейтингде 20-орунда турат.

Алдыңкы жыйырмалыкка ошондой эле миллиардер Уорреф Баффет (11-орун), АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп (13-орун) жана Рим папасы Франциск (16-орун) кирди.

Ал эми аялдар арасында эң сыйлуу адам катары биринчиликти Барак Обаманын жубайы Мишель багындырды.

Экинчи орунда актриса Анжелина Жоли, үчүнчү орунда ханыша Елизавета II турат.
Ошондой эле алдыңкы ондукка актрисалар Эмма Уотсон, Приянка Чопра жана Скарлетт Йоханссон, телеалпаруучу Опра Уинфри, ырчы Тейлор Свифт, Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель жана пакистандык укук коргоочу Малала Юсуфзай кирди.

“YouGov” сурамжылоосуна 38 өлкөдөн жана аймактардан 42 миңден ашык адам катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости