www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын түндүгүндөгү Тахар провинциясында бир мечитке абадан сокку урулду. Бул маалыматты провинциянын губернатору да ырастады. Бирок коопсуздук кызматы азырынча расмий тастыктай элек. Мечитке ооган өкмөтүнүн же чет өлкөнүн учагы сокку урганы да белгисиз бойдон.

Кырсыктан 12 өспүрүм набыт болду. Дагы бир нече адам жараат алды.

Маалыматка караганда, окуя 21-октябрда провинциянын борборунан 15 чакырым алыс Бахарак районунда болгон.

Провинциянын жергиликтүү кеңешинин мүчөсү Мохаммад Азам Афзали билдиргендей, бул чабуулдун алдында талиб жоочулары менен кармашта ондогон ооган коопсуздук кызматкери каза тапкан. Талибдер мечитте жашынып турганы тууралуу маалымат түшкөндөн көп өтпөй аймакка аскердик учак жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, айрым булактар соккудан мурда жоочулар мечиттен чыгып кеткенин айтышкан. "Толо" жаңылыктар агенттиги аба соккусу жергиликтүү медресени бутага алганын жазды.

Ошондой эле 22-октябрда таң эрте Тахар провинциясынын полициясынын жетекчисинин орун басары Раз Мохаммад Доорандиш аймакта талибдер менен кармашта 50дөй коопсуздук кызматкери мерт болгонун билдирген.

Эске салсак, Ооган өкмөтү менен "Талибан" кыймылы 19 жылдык согушту токтотуу үчүн Катардын баш калаасы Дохада сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы менен Ооганстанда чабуулдар токтой элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости