www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын аймагында бүгүн 26-февралда шал оорусуна каршы (полиомиелит) эмдөө боюнча жапырт өнөктүк башталды. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 34 провинциянын 26сында беш жашка чейинки курактагы 7,6 миллион баланы камтуу каралып жатат.

Талибдер көзөмөлдөгөн министрликтин өкүлү Шараф Замандын айтымында, өнөктүк төрт күн уланат.

Шараф Заман жергиликтүү дин кызматкерлерин эмдөө жүргүзүп жаткан топтор менен кызматташууга чакырды.

Өлкөнүн түндүк-батышындагы ата-энелердин көбү балдарын эмдетүүдөн баш тартып келишет.

Полиомиелит адамды шал кылуучу, өлүмгө кептөөчү жугуштуу оору.

Ооганстан жана Пакистан бул оору толук жоюла элек жалгыз өлкөлөр.

Эл аралык уюмдардын колдоосу менен балдарды эмдеп жүргөн дарыгерлер тобу түрдүү кол салууга учураган, өлтүрүлгөн окуялар бул өлкөлөрдө көп катталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости