www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Сокулук районунда адамдын ден соолугуна оор залал келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга арыз менен жабырлануучунун күйөөсү кайрылган. Анын айтымында, 25- февралда Национальное айылындагы үйүнө Б.К. аттуу коңшусу мас абалында кирип барып, анын жубайынын (1969-жылы туулган С.Д.) денесине бычак менен оор жаракат келтирген.

Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген. Аталган факт боюнча Чүй облусунун Сокулук РИИБи КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен иш козгоп, 1969-жылы туулган Б.К. аттуу шектүүнү убактылуу кармоочу жайга киргизди.Тергөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости