www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында чет өлкөлүк төрт жаран кар көчкү алдында калып каза болгонун ОИИБдин маалымат кызматы тастыктады.

Буга чейин соцтармакта чет өлкө жарандары кар көчкү алдында калып, сегизи жабыркап, төртөө көз жумганы тууралуу видео тараган.

Милициянын маалыматына караганда, 23-февраль күнү Чехиянын 23 жараны лыжа тебүү үчүн Жыргалаң айылындагы мейманкалардын бирине келип жайгашкан.

"25-февраль күнү алар тоого чыгып, лыжа менен түшүп келе жатканда көчкү жүрүп, басып калган. 19 киши бири-бирин куткарып аман калса, тилекке каршы, төртөө көз жумган. Алардын эң жашы 29 жашта болсо, улуусу 46 жашта болгон", — деп айтылат кабарда.

Каза болгондордун сөөгү көчкү алдынан чыгарылып, Каракол шаарындагы өлүкканага жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул окуя Бирдиктүү реестрге катталып, тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости