www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Расмий өкүлдөр билдиргендей, кандуу окуя Логар провинциясында болду. Жанкечтилердин тобу полиция бекетине кол салган. Логар провинциясынын борбору Пол-и-Алам шаарындагы чабуул үчүн "Талибан" жоопкер экенин анын өкүлү Забихулла Мужахиддин ырастады. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Жанкечтилердин жардыруусунан үч полиция кызматкеринин өмүрү кыйылгандан тышкары дагы он эки киши, анын ичинде сегиз жайкын тургун жарадар болду.

Ооган полициясынын маалыматына караганда, адегенде жанкечтилердин бири жардыруучу затка шыкалган унааны полициянын кеңсесине жакын жерде жардырган. Ал эми үч жанкечти ал жакка кирүүгө аракеттенгенде коопсуздук күчтөрү аларды атып өлтүргөн. Жардыруудан айланадагы бир нече үй да талкаланган.

"Талибан" быйыл апрелде жазгы чабуулу башталганын жарыялагандан бери ооган коопсуздук күчтөрүнө жана өкмөт өкүлдөрүнө каршы кол салууларын күчөттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости