www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын батышында болгон жер титирөөдөн кеминде 14 киши каза болуп, 78 киши жарадар болгонун Герат провинциясынын коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин директору Мохаммад Талеб Шахидге таянуу менен Франс Пресс билдирди.

"Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында ишемби күнү болгон 6,3 баллдык жер титирөө 14 адамдын өмүрүн алып, 78 кишини жарадар кылды. Урандылардын астында калып калгандар болсо каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору Ооганстандын батышында күчү 6,4 баллга жеткен бир нече жер титирөө болгонун кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости