www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польша Зеленскийге ультиматум койду

Польшанын айыл чарба министри Роберт Телус Украинанын Дүйнөлүк соода уюмуна арыздануусун абсурд деп атап,  аны токтотпостон, кайра чакыртып алууну талап кылды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин Украинанын экономика министринин орун басары Тарас Качка Украина Дүйнөлүк соода уюмунда Польша, Словакия жана Венгрияга каршы арыздарды кароону токтотконун билдирген.

"Биз арызды кароону токтотуу эмнени билдирерин билбейбиз. Биз арызды кайра чакыртып алууну талап кылабыз, анткени ал негизсиз жана абсурд", - деди Телус украин аткаминеринин сөздөрүн комментарий берип жатып.

Ал ошондой эле Киевдин Варшаванын "поляк дыйканына жардам берүү" каалоосуна нааразычылыгын билдирип, эки өлкөнүн мамилесинин жакшырышын Украинанын дооматтарынан баш тартуусу менен байланыштырып, ультиматум койду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости