www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Садыр Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишинде мындан аркы зор ийгиликтерди каалады.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Владимир Путиндин тарыхый достуктун, өз ара колдоонун жана ишенимдин бекем салттарына негизделген кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын чыңдоого кошкон жеке салымын жогору баалаарын баса белгиледи.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, ошондой эле Президент Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган расмий сапарын жана анын Бишкек шаарында өтө турган КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуусун талкуулашты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости